Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Кыргызстандын Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок, - элчилик

15.09.2020 09:49
1599
Кыргызстандын Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок, - элчилик


Экс-элчи Раимкул Аттокуровдун "Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү мүмкүндүгү тууралуу маселенин талкууланып жаткандыгы" тууралуу айткандары боюнча Россия Федерациясынын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын кайрылуусуна байланыштуу, элчиликтин маалымат кызматы мындай пикирди билдирүүгө эч кандай олуттуу негиз жок экендигин билдирет. 


Элчиликтин маалыматына караганда, Р.Аттокуров Россия Федерациясынын жараны жана ал жеке адам катары өзүнүн пикирин билдирген. 


"Кыргызстан – көз карандысыз, эгемендүү мамлекет, эл аралык укуктун субъектиси жана эл аралык мамилелердин толук кандуу катышуучусу болуп саналат.


Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, орус тили Кыргызстандын мамлекеттик эмес, расмий тили болуп саналат. 


Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясий багыттагы иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз.


Ошону менен бирге кыргыз-россиялык мамлекеттер аралык мамилелер өз ара сый, өз ара түшүнүшүү жана бири-бирин колдоо нугунда динамикалуу түрдө өнүгүп жатат. 


Биздин элдерди жалпы тарых, евразиялык руханий баалуулуктар бириктирет, Кыргызстан жана Россия ишенимдүү союздаш жана стратегиялык өнөктөш болуп саналышат", - деп айтылат элчиликтин маалыматында. 


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн