Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:58
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи

14.09.2020 13:20
16377
Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат, - экс-элчи


Кыргызстанда Россиянын курамына кирүү маселеси каралып жатат. Бул тууралуу "Правда.ру" порталына Кыргызстандын Россиядагы мурунку элчиси Раимкул Аттакуров билдиргенин Tengrinews.kz. жазды. 


"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала аныктап койду. Биз көптөгөн кылымдар бою бирге болдук. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак мөөнөттүү келечегибиз бар. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын курамына кирүү үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деген Аттакуров.


Ошондой эле, ал Кыргызстан мурунку Советтер Союзундагы орус тили расмий, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө болуп саналганын кошумчалады. 


"Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинде болушу көптөгөн багыттар боюнча оң таасирин тийгизип жатат. Россияда медицина  дагы жакшыраак, жумуш таап, жакшы маяна алуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деди ал. 

Пикирлер (88)

Коопсуздук коду
Адыл
Россия бизге кошулсун..
Таалай
Россиянын Кыргызстанга кошула турган муктаждыгы жок го дейм , жердеш!
Ысмайыл уулу
Кайсы манкурттардын инициативасы? Эгемендуулук учун ата-бабабыз согушка башын сайып канын тогуп келген. Эми эле кичине экономикабыз чолондоп калган учурда улутун сатып, бейиштей болгон жерин бергени даяр болгон кандай куйдургу затсынар? Ачарчылылык тушуп саздан суу ичип, таш тиштеп калган убакта да кыргыздын жер тилкесин эгемендуулукто сактап калуу биздин бирден бир башкы милдетибиз болот
Азамат Чакиев
Кул болууну ким эңсейт, бара бергиле рфга кошулабыз деп. Мен эгемендүү Кыргызстан үчүн кашык каным калгыча, бул дүйнөдөн өтүп кеткиче күрөшөм.
Кылыч
Кайсыл кок мээ айтат ошону? Канчалаган улуттар эгемендуулуко жетпей кан тогуп согушуп журсо, бул келесоолор Россиянын карамагына отолу дейт го. Откусу келгендер оздору Россиянын жарандыгын алып ото берсин пожалуйста. Бирок Кыргызстанга тийбесин.
НУРАЙЫМ
Улуу Манас атабыздын эмгегин, урпактары бир заматта тогуп коет турбайбызбы! ЭГЕМЕНДУУЛУГУБУЗДУ ЖОГОТУП ОРУСТАРГА БАШЫБЫЗДЫ ИЙИП КОЗ КАРАНДЫ БОЛУП, ОЗ ЖЕРИБИЗДЕ АТА БАБАЛАРЫБЫЗДАН КАЛГАН ЖЕРДЕ ЭЭН ЭРКИН СУЙЛОЙ АЛБАЙ БАСА АЛБАЙ БИРООДОН КАРАНДЫ БОЛУП КАЛАТ ТУРБАЙБЫЗБЫ!!!