Бирдин айы 25, 2025
Убакыт: 00:12
USD
87.30
87.80
EUR
91.30
92.30
RUB
0.980
1.020

Экс-президенттин жактоочусу Жээнбековдун сотко чакырылышы боюнча жооп берди

29.01.2021 16:51
1033
Экс-президенттин жактоочусу Жээнбековдун сотко чакырылышы боюнча жооп берди


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков  мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко барууга милдеттүү эмес. Мындай пикирин Жээнбековдун жактоочусу  Жыргалбек Бабаев журналисттерге маалымат берген.


Бабаевдин айтымында, Зилалиев өзүн актоо жана ишине саясий өңүт берүү аракетин көрүп жатканын билдирди.


Жээнбековдун бул ишке эч кандай тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Расмий түрдө билдирип коёюн Зилалиевдин “банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган” дегени курулай жалаа, ишке саясий өңүт берүүгө жасаган аракети гана. Зилалиев сейфтик кутуча ачтырып, бул банктын кызматынан 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Кутучаны 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабышы керек болгон. Эгер кардар өзүнүн буюмуна келбесе, банк кутучаны жабат. Банк комиссия түзүп, кутучаны ачкан, ал видеого тартылган. Эки жумадан кийин Зилалиев кутучадагы акчаны алып кеткен”,-  деди Бабаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн