Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:53
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Экс-спикерге шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн эскертүү берилип, айып пул салынды

24.11.2021 08:52
606
Экс-спикерге шайлоо мыйзамдарын бузганы үчүн эскертүү берилип, айып пул салынды

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого №20 Манас шайлоо округунан бара жаткан мурдагы спикер Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салды.


Белгилей кетсек, БШКда бүгүн, 23-ноябрда, жыйын болуп, ал түз эфирде көрсөтүлдү. Анда Дастан Жумабековго карата бир нече арыз келип түшкөнү айтылып, аларды жумушчу топ карап чыккан. БШК кээ бири үчүн экс-спикерди айыпка жыкса, айрымдарына жазуу түрүндө эскертүү берди.


Дастан Жумабековдун агасы Сабырбек Жумабеков кайрымдуулук боюнча маек бергени айтылып, ал жерде да мыйзам бузуулар байкалганын белгилешкен. Ошондой эле Жумабековдун телеканал, Youtube каналдарына жарыяланган үгүт материалдарында күнү көрсөтүлбөгөнү айтылып, ал үчүн да эскертүү берилген.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алиев Сагынбай.
Коомчулук булардан арылуу тазалануу үчүн арызданышууда. БШК буларды колдоп, айып пул менен чектеп дагы мамлекетти тоногонго шарт түзүп аткандыгы өкүнүчтүү!!!