Президент Сооронбай Жээнбековдун атасы, раматылык Шарип Жээнбеков өз учурунда Кыргызстанда эле эмес Фергана өрөөнүндө кадыр-барктуу киши болгону айтылып жүрөт. Ал инсан көзү тирүүсүндө калк арасында өзүнүн акыйкат кебин айткан, ак эмгеги менен легендага айланган дешет. “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги Шарип аксакалдын жергиликтүү телеканалдардын бирине берген архивдик маегинен үзүндүнү сунуш кылабыз. Анда бак тигип, бир канча жерди гүлдөткөн 95 жаштагы аксакал тууралуу жылуу сөзүн айткан экен. Бул тасма качан тартылганы белгисиз.
Пикирлер (1)