Кыргыз альпинисти алгачкы жолу дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверестти багындырды. Ал саналуу убакыт мурун чокудан базалык лагерге түшүп, Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек курду.
Би-Би-Си: Эдуард ага, ийгилигиңиз менен чын дилден куттуктайбыз!
Кубатов: Чоң ырахмат, чоң ырахмат!
Би-Би-Си: Эдуард ага, сиз бала күндөн келе жаткан кыялыңыз ишке ашып, Эвересттин чокусуна чыкканда кандай сезимде болдуңуз?
Кубатов: Жол өтө татаал болду. Ачык айтайын, абдан татаал болду. 8800 метрден кийин өлүм менен өмүрдүн ортосунда эле калдык. Орусча айтканда "пафоско" чамабыз да келген жок. Суктануу, ойлонуу, коркуу, эмоциядан эч нерсе жок. Бут тартаарга алыбыз калбай калган. Кылда чокуга чыгып барганда, он чарчы метр жерде 12ге жакын альпинист турдук. Ошол жерден 2-3- сүрөт тартып, элиме кайрылып, 3-4 мүнөт үнсүз тиктеп турганга гана чамам жетти. Суук ышкырат тим эле. Максатыма жеткенимди түшүнүп, кудайдан суранганым - аман-эсен элиме, жериме, жаман балдарымдын маңдайына жетейин деп тилендим. Себеби түшүү абдан оор, жоготуу, жаракат алуунун көбү да ошол жерде болот.
Би-Би-Си: Эдуард байке, сиз азыр жашып кеткениңиз сезилип турат...
Кубатов: Абдыбек, азыр мен улуу тоодо турам. Мындай жерде калп айтууга болбойт. Мен үчүн абдан оор тоо болду. Экспедициябыздагы 14 кишиден бешөөбүз гана чокуга чыктык. Абрамовдун командасында жазылып жүрөт, бирок, чокуга эң биринчи болуп мен чыктым. Эл ушундай жеңишти абдан күтүп жатканын түшүндүм. Болгон күчүмдү салдым. Кандай күчүм бар...жан үрөдүм. Азыр кудайга шүгүр, келип алдым.
Би-Би-Си: Мындан аркы жол жеңилби?
Кубатов: Түндө келип жаттым. Мага шерик болуп дагы бир шерпа келди. "Хумбудан" түшүп келе жатканыбызда абдан кооптуу болду. Келгенде эч нерсеге алым калбай калды. Буюрса 2-3 күндө Катмандуга учуп келем.
Би-Би-Си: Быйыл чокуга чыгуу кыйла оор болду окшойт. Бир жагынан вирус коркунучу тооруду, чокуга карай жолдо каза тапкандар да болот эмеспи.
Кубатов: Абдан оор болду. 14 кишиден бешөөбүз гана чыктык дебедимби. Арабыздан эки киши ковид менен ооруду. 8000 метрде арабыздан бирөө каза болуп калды. Аба-ырайын күтүп жатып, абдан кыйналдык. Саатына 70 чакырым шамал. Биз чыккан 23-май күнү дагы шамал аркырап турду. Сыноо ушунча оор болгонун мындан көр, бир заматта 6 кг арыктаган экем. Азыр сени менен сүйлөшүп жатып да алым жогунан теңселип, араң турам. Мен ушул жеңишимди элиме, жериме гана арнайм! Ушул маалымат, ушул жеңиш элиме жардам берсе, дем берсе - мен максатыма жеттим!
Булак: Би-Би-Си
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн