Теке 07, 2022
Убакыт: 01:45
USD
83.00
84.00
EUR
86.00
87.00
RUB
1.250
1.420

Экскурсия. Кумтөр кенин 500 доллар менен барып көрүүгө болот

23.06.2022 13:26
223
Экскурсия. Кумтөр кенин 500 доллар менен барып көрүүгө болот


Кумтөр алтын кенин көрүүнү каалаган бардык тараптар үчүн акы төлөгөн экскурсия уюштурулат. Бул туурасында Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, фонд "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдинги менен келишим түзөт.

"Каалаган ар бир адам экскурсияга барып, кенди өз көзү менен көрүп келсе болот. Бул өнөр жай туризми деп аталат", — деди ал.

Кенге баруу болжол менен 500 доллар турат.

Кумтөр — Борбор Азиядагы бийик тоолуу аймакта жайгашкан эң ири алтын кени.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн