Тилекке каршы өзгөчө абал алынгандан баштап, коронавирус инфекциясы жайылып жатат, деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып.
Анын айтымында, буга чейинки жетишилген натыйжалар жокко чыгуу коркунучунда турат. Айрыкча Бишкек шаарында ооруну жугузгандар көбөйүүдө. Буга негизги талаптарды аткарбагандык себеп болууда.
“Коомдук жайларда, ири соода түйүндөрдө санитардык-гигиеналык нормалар сакталбай жатат. Көп адамдар аш-тойлорду, эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүү кайрадан башталды. Бул илдеттин өтө коркунучтуу экенине көп адамдар дагы деле ынанбай жатат. Айрымдардын “бул илдет жок, саясат” деген билдирүүлөрүнө эл ишенип, жалган сөздүн курмандыгы болгону турат. Бул ооруну жалганга чыгарганга болбойт жана бүтүндөй дүйнө бул илдетти жок кыла албай айласы кетип жатат”, - деп белгиледи президент.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн