Эл аралык хоккей федерациясы 2021-жылы Минскиде өтө турган Дүйнө чемпиондугун башка жерде өткөрүү боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу 18-январда аталган федерация билдирүү тараткан.
Федерация маалыматына ылайык, алар Минскиде тыкыр иликтөө жүргүзүп, саясий абал туруктуу болбогондуктан Дүйнө чемпионатын башка өлкөгө берүүнү туура тапкан. Ошондой эле, коронавирус боюнча коопсуздук чаралары комиссиянын купулуна толгон эмес.
Эске салсак, 2020-жылдын 9-августунан бери Беларуста тынчтык жүрүштөрү уланып келүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн