Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын башкы аткаруучу директору Хван Киёон менен кезектеги жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдын декабрында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Кореянын өкмөтүнүн ортосундагы Экономикалык өнүгүү кызматташтыгы фондунун (EDCF) каражаттарынан кредиттерди берүү тууралуу Алкактык макулдашууну мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Өзгөчө көңүл саламаттык сактоо, транспорт, жарандык авиация сыяктуу артыкчылыктуу тармактардагы келечектүү долбоорлорго бурулду.
Ошондой эле тараптар учурда EDCF алкагында ишке ашып жаткан долбоорлордун жүрүшүн карап чыгышып, жетишилген макулдашууларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн активдүү өз ара кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Элчи Аида Исмаилова Корея тарапка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирип, кыргыз тараптын артыкчылыктуу тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн