Бирдин айы 12, 2025
Убакыт: 20:18
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.920
0.945

Элчи Бөкөнтаев Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен жолукту

10.02.2025 12:56
110
Элчи Бөкөнтаев Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти менен жолукту


Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин менен жолугушту.


ТИМден билдиришкендей, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечектеги багыттарын талкуулашты.


Сергей Катырин палатанын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын ичинде 130 аймактык палаталары жана Россиянын 350 шаарындагы кеңселери аркылуу иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Буга кошумча Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен түзүлгөн жакшы мамиле жана активдүү өз ара аракеттенүүнүгө канааттануу билдирип, КМШ мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилеринин кеңеши, ЕАЭБ мамлекеттеринин Соода-өнөр жай палаталарынын консультативдик кеңеши жана башка эл аралык интеграциялык бирикмелердин Ишкердик кеңештери алкагындагы тыгыз байланыштарды белгилеп кетти.


Элчи Бөкөнтаев акыркы 4 жыл ичинде Кыргызстарндын экономикасындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, санариптештирүү жана коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында бул мөөнөттө мамлекеттик бюджеттин 3 эсеге жана салык төлөмдөрүнүн 4 эсеге өсүшү байкалгандыгын өзгөчө белгиледи. Кыргыз-Россия кызматташтыгынын эки тараптуу соода көлөмүнүн, эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн жана кооперациялык-инвестициялык байланыштарынын өсүшүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгиленди. Ал ошондой эле Кыргызстандын россиялык инвестицияларга ачык экендигин жана таза инвесторлордун демилгелерин менен долбоорлорун толугу менен колдоого, аларды ишке ашырууда максималдуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.


Тараптар 26 кыргызстандык экспорттоочу компаниянын катышуусу менен “Продэкспо-2025” эл аралык көргөзмөсүндө ачылган Кыргызстандын Улуттук экспозициясы менен активдүү башталган 2025-жылга карай кызматташуу пландары тууралуу пикир алмашты.


Ошондой эле көргөзмө-жарманкенин ишмердүүлүгү жана өз ара бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча мындан аркы күч-аракеттерге болгон ниеттерин ырасташты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн