Аяк оона 22, 2025
Убакыт: 13:49
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.040
1.075

Элчи Чотонов Анжиянда окуп жаткан кыргыз студенттери менен жолукту

22.09.2025 12:18
13
Элчи Чотонов Анжиянда окуп жаткан кыргыз студенттери менен жолукту


Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Фергана өрөөнүнө болгон жумушчу сапарынын алкагында Анжиян мамлекеттик педагогикалык институтуна барып, бул жерде билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолугушту.


Элчи институттун ректору, профессор Бахтиёр Расулов менен болгон жолугушууда жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен программаларды ишке киргизүү жана студенттерди алмашуу маселелери талкууланды. Бул демилгелердин жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары баса белгиленди.


Андан соң элчи Кыргыз тили жана маданияты борборунун иши менен таанышып, кыргыз тили бөлүмүндө билим алып жаткан жергиликтүү жана Кыргызстан менен өз ара алмашуу программасы алкагында окуп жаткан студенттер менен баарлашты. Жаштардын улуттук тилге жана маданиятка болгон кызыгуусун жоготпой, билимге умтулуп жатканы кубанычтуу көрүнүш катары бааланды.


Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, студенттер элчи менен ачык пикир алышып, тажрыйба жана ой-пикирлерин ортого салышты. Бул өз ара баарлашуу кыргыз-өзбек достугунун жаш муундар жүрөгүндө бекем орун алып жатканын айкын көрсөттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн