"Элечек аялзатынын касиеттүү баш кийими, салттуу билим, каада-салт, ырым-жырымдар" номинациясы боюнча ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине катталды. Бул тууралуу "Айгине" маданий-изилдөө борбору маалымдады.
Билдирмеге караганда, Ботсвананын Касан шаарында ЮНЕСКО комитетинин мамлекеттер аралык бейзаттык маданий мурастарды сактоо сессиясы өтүп, анда "Элечек аялзатынын касиеттүү баш кийими, салттуу билим, каада-салт, ырым-жырымдар" номинациясы боюнча уюмдун маданий мурастар тизмесине катталган.
Демилгени "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулова көтөрүп, уюмга билдирмени "Айгине" маданий-изилдөө борбору калтырганы кошумчаланды.
Буга чейин ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарына "Манас, Семетей, Сейтек" эпикалык үчилтиги, кыргыз-казак элине орток "Айтыш" өнөрү, ала кийиз менен шырдак, Кыргызстан менен Казакстандын атынан боз үй даярдоо боюнча салттуу билим жана ыкмалары, катырма-жупка, Нооруз майрамы, көк бөрү оюну, ошондой эле кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты кирген.
Маалымат үчүн:
Элечек — аялдардын улуттук баш кийими. Кыргыз аялдары кайсы мезгилдерден тарта элечек кие баштагандыгы тууралуу так маалыматтар жок. Түштүктө элечек "каляк", ал эми Таласта, Токтогулда "илеки" деп аталган. Географиялык жана климаттык шартка жараша ар аймактын элечегинин түзүлүшү ар башка болгон. Алсак, түндүк аймактарга тиешелүү элечектердин дээрлик бардыгында ээк алмайы бар. Ал сууктан, шамалдан сактап турат. Азыр элечекти аялдар көбүнчө майрамдык иш-чараларда кийип жүрөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн