Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Электр энергиясына болгон баа көтөрүлөбү? Электр энергиясы боюнча жаңы тариф каралууда

14.04.2021 14:09
1415
Электр энергиясына болгон баа көтөрүлөбү? Электр энергиясы боюнча жаңы тариф каралууда

Электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат иштелип жатат. Мындай пикирин Улуттук энерго холдингдин төрагасы  Бакыт Сыдыков билдирди. 


Анын айтымында, азыркы тариф көп жылдан бери электр энергиясы менен камсыз кылган ишканаларга зыян  алып келүүдө. 

"Биздин ишибиз чарбалык жумуш. Тарифтик саясатты Энегетика министрлиги жөнгө салат. Элдин турмушу электр энергиясына тыгыз байланышкан. Андыктан азыркы тариф көп жылдан бери электр энергиясы менен камсыз кылган ишканаларга зыян  алып келген. Мындан ары да бул баа энергетика тармагын алдына тарта албайт",- деди Сыдыков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн