Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:41
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү боюнча Аскар Салымбеков өз сунушун берди

26.04.2021 19:13
1857
Электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү боюнча Аскар Салымбеков  өз сунушун берди

Электр энергиясынын тарифин кайра карап чыгуу боюнча төмөндөгүдөй жолду сунуш кылам.

Электр энергиясын колдонууга болгон тарифти кайра карап чыгуу маселеси бир топ жыл мурда эле бышып жетилсе да, бул тармактагы проблемалар чарбалык эмес, саясий түскө көбүрөөк ооп кеткендиктен саясий жетекчилер мамлекеттин экономикалык абалын оор болгонуна карабастан бул темага кайрылууну улам кийинкиге жылдырып келишти. Коомдогу тарифтер боюнча жүргүзүлгөн талкууларды карап чыгып, өз сунуштарымды бермекчимин. Коомчулук бул багытта түрлүү пикирлерин билдирип, талкууга кызуу катышууда. Өкмөт коомчулуктун пикири менен эле токтолуп калбастан, дүйнөдөгү башка мамлекеттердин электр энергиясын колдонуу ыкмаларынын биздин мамлекетке ылайык келүүчү кандай тажырыйбалары бар экендигин карап чыкса туура болот эле. 


Айрым мамлекеттерде күн ичиндеги жана күз-кыш мезгилиндеги электр энергиясын колдонуунун тарифтери ар кандай болгон түрлөрү кездешет. Ошого жараша тарифтик баалар коюлса тартипке түшөт. Бүгүн техниканын өнүккөн кезинде мындай ыкманы колдонуу кыйынчылык деле туудурмак эмес. 


Ошону менен бирге эле тарифтерге болгон бааны этап-этабы менен көтөрүүнү сунуштайт элем. Бул боюнча атайын иштелип чыккан программа кабыл алынып, электр энергиясынын чыгымын азайтуу менен аны өндүрүүнүн кубаттуулугуна жетишүү керек демекчимин. Электр энергиясын колдонууга болгон баа эртедир-кечтир өзүнүн өндүрүлгөн таза наркына коюлушу керек болчу. Энергетика тармагыбыз таптакыр кризиске батып, абал бүгүнкүдөн да оорлой электе, тармакты оңдоп кетүүнү колго алуу ишин баштаган туура. Кечиксек кырдаал мындан да оорлошуп, аны оңдоого кеткен чыгым дагы көбөймөкчү.


Аскар Салымбеков

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Уурдап башкаларга сатпаса елге арзан еле болот