Бугу 01, 2024
Убакыт: 03:01
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Электр тарифи боюнча коомчулук категорияларга бөлүнсө, чыр болот, - Өмүрбек Абдырахманов

23.04.2021 12:38
1842
Электр тарифи боюнча коомчулук категорияларга бөлүнсө, чыр болот, - Өмүрбек Абдырахманов


Электр энергиясына болгон тарифти аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн арзан, колунда барлар үчүн кымбаттатуу - туура эмес. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдырахманов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.


“Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей, бийликти өзүбүз шайлап алдык, эми алар өз билгенин кылат да. Бирок албетте, биринчи кезекте тарифтерди көтөрүүнү эмес, экономиканы көтөрүүнү ойлонушса жакшы болмок. Тарифтин мындай вариантын ишке ашырса, элди акчалуу жана акчасы жоктор деп бөлүүгө алып барышы мүмкүн. Бул кемсинтүү болуп саналат”, - дейт экс-депутат.


Анын ою боюнча, белгилүү өлчөмдөгү норманы коюп коюш керек болчу, ким канча электр жарыгын коротсо, ошого жараша төлөйт деген. 700 кВт/ сааттык норма туура эле болчу. Бай-кедейине карабай, бири чындап электр жарыгын аз сарптайт, бири көп сарптайт.  


“Коомчулукту антип бөлө турган болсо, чыр болот. Себеби, арзан төлөө категориясына кириш үчүн жалган справка көтөрүп келиши мүмкүн, кээ бири айлык-акысынын суммасын жалган көрсөтүшү мүмкүн, ар кандай да. Ошондуктан, элдин социалдык абалын аныктоонун өзү оңой эмес. Андыктан мындай саясатка каршымын”, - деп белгиледи Өмүрбек Абдырахманов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн