Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:40
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Элге жакын эл өкүлү

21.11.2021 15:46
2592
Элге жакын эл өкүлү


Асылбек Жээнбеков бир нече жолку чакырылыштын депутаты болуп, элге  жакын, калкына кадыры сиңген өкүл боло алды. Анын кийлигишүүсү менен Кара-Кулжа районунда жүздөгөн  обьектилер салынып, бүгүнкү күндө эл кызматында.  Күчү жетишинче мамлекеттик бюджеттен бөлдүртүп, казына каржылай албаган жерде  кол жайып отуруп калбай инвесторлорду тартып келүү жөндөмдүүлүгү бар  депутаттын бири болду. Биздин келечек билимдүү жаштарда деген принципти карманган Асылбек Шарипович, мектеп имараттарынын көйгөйү жаралса чыдап карап тура алган эмес. Анын көмөгү менен ондогон мектеп, бала-бакчалара курулду. Ал эми элдин саламаттыгы деген биринчи байлык экенин эске алып, керек деген жерлердин баарын ФАПтардын ачылышына салым кошту. Ыйман, адеп-ахлак жагын алсак Асылбек Шарипович өзү салттүү исламды бекем кармаган инсан катары, эл аралык кайрымдуулук фонддорун ынандырып райондун ар бир бурчуна ибадатканаларды курдурду. Муну менен канчалаган жаштар акыйкат жолго түштү. Бул иштер калың катмарды адеп-ахлакка, ыйманга, салттуу ислам динине тартууга  эл өкүлү Асылбек Жээнбековдун жасаган эмгеги болчу.

         

Бүгүн, Кара-Кулжа районуна байланыштуу Карл Маркс айылында заманбап окуу техникалары жабдылган окуу корпусу, 60 орундуу бала-бакча жана мечиттин ачылышы болду. Бул обьектилер Асылбек Жээнбеков тарабынан демилгеленип, "Human Appeal International" кайрымдуулук фонду тарабынан 18млн. бүткөрүлүп элге берилди. Өзү камакта болсо да, эл үчүн жасаган иштери четинен бүткөрүлүп жатат.


"Human Appeal International" кайрымдуулук фондунун Кыргызстандагы төрагасы Ali Ayoubov менен да Асылбек Шарипович тыгыз иштешти. Бул фонд жакында райондогу эл өкүлү өзү баштап берген Көңдүк айылындагы мектепти бүткөрүү алдында. 


Асылбек Шариповичтин убадага бекем экендигин ар бир бүткөрүлгөн иштери далилдейт. 


Гүлзар Абдимиталипова 

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Гулкан
Асилбек Шариповичке боштондук, карапайым эл сиз менен
Алмагул
Ушундай элдин кызыкчылыгын ойлогон адамды иштетиш керек!
Венера Сабирова
Сонун улгулуу иштер болууда, автор болсо камалууда. Бир нерсе туура эместей го!
Венера Сабирова
Акылдуу, мыкты жигит, патриотубузга - боштондук!
Венера Сабирова
Азамат жигиттин колунан сонун иштер келгенине биз ынандык