Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Элиза үй буюмдарынын” негиздөөчүсү үй камагына чыкты (видео)

05.08.2021 22:34
1667
“Элиза үй буюмдарынын” негиздөөчүсү үй камагына чыкты (видео)


Бүгүн, 5-августта Свердлов райондук сотунда “Элиза үй буюмдар” оюнунун негиздөөчүсү Б кызы Э менен М уулу Өнүн баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу алардын тарапташтары билдиришти.


Маалыматка ылайык, тарапташтары Свердлов райондук сотунун алдына эртең мененки саат 9.00дөн баштап чогулушкан.


Баш коргоо чарасын кароо процесси саат 17.30да башталып 2 саатка созулду. Натыйжада Б кызы Э менен М уулу Ө үй камагына чыгарылып, териштирүү иштери уланарын жактоочусу билдирди.




Эскерте кетсек, 27-июнда Свердлов РИИБ тарабынан 1994-ж. туулган Б кызы Э менен анын жолдошу М уулу Ө'гө карата ”каржы пирамидасын уюштуруу” беренесинин алкагында иш козголуп, анда сот шектүүлөргө карата 15 күн санкция берген. Анын негизинде шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргилгенин Б кызы Э нын жактоочусу Осунбек Жамансариев билдирген.


Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Aizada Borueva
ЭЛИЗА ЭЛДИН КЫЗЫ БОЛДУ. ЭЛИЗА ТАЗА АК ИШТЕГЕН КЫЗ.
Ирина
Элиза биз сен менен Элиза ишине так иштеген кыз азаматсын
Айпери
Элиза таза иштеп келген дагы да таза иштейт деп ишенебиз Элизаны таза акталышын суранам
Кадырмамат кызы Айзирек
Элиза ак иштеген. !!! Толук акталсын .!!
Нурия
Элиза биз сен менен!!!