Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:19
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эльвира Сурабалдиева: Электр жарыгынын жаңы тарифи ишке ашса, бюджет алданат

26.04.2021 15:26
2459
Эльвира Сурабалдиева: Электр жарыгынын жаңы тарифи ишке ашса, бюджет алданат

Энергетика тармагындагы коррупцияны эске алганда, электр жарыгына болгон мындай тарифтөөнү киргизүү кыйын болуп калат. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.


Анын айтымында, буга чейин деле өзгөчө типтеги үйлөрдө (особняк) жашаган айрым кардарлар төлөбөй жүргөн фактылар катталчу. Азыр дагы практика жүзүнө келгенде колунда барлар жасалма справкаларды жана расмий кирешесин аз көрсөткөн негиздерди көрсөтүп, арзан төлөө ыкмасына качышат.


"Сөздүн ачыгы – жыйынтыгына келгенде теңчилик болбой калат. Ушул абал боюнча чыгып жаткан тамаша, сатиралардан деле байкап атпайбызбы, мурда болуп келген алдоо аракеттери, счётчикти артка айландыруу сыяктуу учурлар кайрадан күчөйт. Менин оюм боюнча, бардыгына бирдей тариф сакталып, ким жарыкты канча колдонсо, ошого жараша төлөсө, калыстык болмок”, - дейт Эльвира Жыргалбековна.


Ал белгилегендей, Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүп жаткандагы элге берген убадасын аткаруу максатында жана карапайым элди ойлоп, жакшы ниетте жасаган кадамдары экени түшүнүктүү. Бирок аягында калыстык болбой, натыйжада кайра эле бюджет алданып калат.


Экс-вице-премьер-министр кошумчалагандай, адегенде өкмөт экономиканы көтөрүп, жумушсуздукту азайтуу жана элдин кирешесин жогорулатуу менен алек болушу керек. Антпесе тарифтөөнүн мындай жолу узак мөөнөттүү эмес, убактылуу гана ишке аша турган долбоор болуп калышы мүмкүн.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн