Жогорку Кеңештин депутаттары эми 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан тандалып келишет. Алардын ар биринде парламенттин 3 төн депутаты шайланат.
Парламенттен билдиришкендей, аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери эл өкүлдөрү Нурланбек Тургунбек Уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Толонов, Жумабек Салымбеков жана Чынгыз Ажибаев.
Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда:
- Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
- Шайлоочулардын көп мандаттуу шайлоо округдарында катталган талапкерлер үчүн берилген добуштарын эсептөө усулу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
- Көп мандаттуу аймактык шайлоо округу боюнча шайланган болуп тиешелүү аймактык шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочуларынын эң көп сандагы добушун алган үч талапкер таанылат.
- Аталган конституциялык мыйзамга ылайык 30 депутаттык мандат аялдардын квотасына таандык. Көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарында тиешелүү аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган аял талапкерлер аялдардын квотасы боюнча шайланды деп таанылат.
- Жогорку Кеңештин аял депутаты чыгып кеткен учурда депутаттык мандат тийиштүү көп мандаттуу аймактык шайлоо округунда добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган аял талапкерге берилет.
Аймактык шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
– Шайлоочулардын саны боюнча аймактык шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 10 пайыздан ашык эмес четтөөгө жол берилет;
– Аймактык шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
Мыйзам долбоору менен төмөнкү тиркемеден таанышсаңыз болот. https://kenesh.kg/bills/public/3666.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн