Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев анын реформаларына кимдер бут тосуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал АКИпресс агенттигине айтып берген.
Анын айтымында, кечээги окуядан кийин анын орун басарларынын бети ачылды.
"Менин реформаларыма бут тосуп, аны жайлаштырган адамдардын бети ачылды.
Мен Германиядан келгенден кийин аларды кызматтан бошотоюн дегем. Эми баары ачык болду. Мен жөнүндө болуп жаткан спектаклдин артында кимдер турганы да белгилүү болду",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн