Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эми кыргыз азыктары Түркиядагы белгилүү соода тармактардын бирине жеткирилип турат

01.12.2023 14:58
312
Эми кыргыз азыктары Түркиядагы белгилүү соода тармактардын бирине жеткирилип турат


Түркиядагы белгилүү Happy Center соода тармагы кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сатып алат. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Күн мурун Бишкекте аталган соода тармагынын ээси Явуз Алтун менен кыргызстандык экспортерлордун иштиктүү жолугушуусу өтүп, жыйынтыгында бир катар меморандумдарга кол коюлду. Анын ичинде: ЖЧК: «Алайку Органикс», «Экопродукт Азия», «Салих ЛТД», «Риха», «Аброй Групп», «Уайт Ривер», «Продимпекс», «Адал Азык», «Агромаркетинг» кооперативи, «Кыргызцентрпродукт» ЖЧКсы , «Атилла Органик Фүүдс» ЖЧКсы, «Био Квасс» ЖЧКсы, «Радуга Форель», «DilNurKG» жана «Аталык Групп» ЖАК.

Тараптардын жолугушуусу экономика министри Данияр Амангелдиевдин катышуусунда өткөн.

Министр билдиргендей, Түркияныннегизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматы боюнча 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Түркия менен тышкы соодасынын көлөмү $464,0 млн. сомду түздү жана 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,6%га өстү. Анын ичинен экспорт 117,7 миллион долларды түздү. долларды түздү жана 17,7%га өстү, ал эми импорт 346,3 млн. жана ошондой эле 3,1%га өстү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн