Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:30
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эмилбек Каптагаев: Акаев сүттөн ак, эл күнөөлүү турбайбы?

10.08.2021 10:45
1531
Эмилбек Каптагаев: Акаев сүттөн ак, эл күнөөлүү турбайбы?

Акаев келип элден кечирим сурабай эле элдин бетине жаба түкүрүп кете берди го дейм...

Көрсө аялы, уул-кызы, күйөө баласы эч нерсеге кийлигишпептир, үй-бүлөлүк башкаруу болбоптур, өзү болсо Кумтөр боюнча оозун ачып эле отуруптур. Өкмөткө ишенип, эл-жердин ырыскысы тонолуп жатканын билбей калыптыр. Аксыдагы кыргынга дагы такыр тиешеси жок экен... Кыскасы сүттөн ак экен... Иши кылып эл күнөөлү болуп калды бул жерде, анын айтканы боюнча...

2005-жылдын 24-мартында обу жоктук кылып эле козголоң кылып аны үйбүлөөсү менен кууп салыптыр да...

Кыязы, эмки келишинде кечирим сурагыла, ошончо жыл бозгунда жүргөнүм үчүн компенсация бергиле дейт окшойт...


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн