ПРОВОКАЦИЯ деген сөз бар, эл аралык сөз, кыргызчасы кандай болорун билбей жатам... Балким КОЗУТУУ деген туура болот...
Кечеги Адахам Мадумаровдун "билдирүүсү" мына ошол ПРОВОКАЦИЯ - КОЗУТУУ болуп калды окшойт... Болгондо дагы элди экиге бөлүүгө, аймакты - аймакка каршы коюуга, түштүк элин түндүккө, болгондо дагы барын бириктирип Ысык-Көл элине каршы тукурууга багытталган аракет десек болчудай. Анткени "Көлгө бармак элем, кубалап жолотпой жатат..." - дегендей сөздүн өзү ошондой маани берет, "...биз дагы аларды кубалайлы..." - дегендей чакырык жатат ал сөздүн артында.
Кече интернеттен угуп алып Ысык-Көлдүн ар бир район-шаарынан аттуу-баштуу адамдарга телефон чалып сурадым - чын эле ушундай маанай болуп жатабы? - деп. "Жок, тынч эле, андай деле уу-дуу, түртүшүп-жулкулдашкан билинбейт..." - деп жооп беришти. Анын үстүнө өзүм дагы кече эле Көл жактан келгем, айыл ичинде андай деле кармаш-тирешти байкаган жок элем.
Ошондуктан, билдирүү так болушу, кайсы айыл же шаарда болгон окуя экени, кимди ким келип коркутуп, опузалап жатканын так аты-жөнү менен айтып чыгуу зарыл деп эсептейм. Ал эми чынында эле ошондой копол нерсе болуп кетсе, анда тиешелүү органдар катуу чара көрөт деп ишенем.
Ошондой эле Боршайком жана укук-коргоо органдары дагы Президенттикке талапкер Мадумаровдун билдирүүсүнө ылайык териштирүү иштерин жүргүзгөнү оң. Ал эми Мадумаровдун жер-жерлердеги штабдарынын мүчөлөрү дагы "антип койду, минтип койду" - деп ооз жүзүндө даттанып отуруштун ордуна ошол жергиликтүү бийлик органдарына, биринчи кезекте милицияга качан-кайсы жерде жолугушуу боло турганын билдирип, ошол жолугушууда тартипти сактап берүүнү суранып расмий кайрылуу-кат тапшырып туруштары зарыл.
Ушул шайлоонун шайтан оюндары менен кайрадан дүрбөп, кайрадан "келе бакан куу союл" болуп кубалашып, эң жаманы ансыз деле араң турган элди сай-сайга бөлүп, журттубузду жарып албайлы деген ТИЛЕК азыр жалпыбыздын тилегибиз. Мындан ары Кыргызстан туура жолго түшүп, өсүп-өнүгө баштаса деген ҮМҮТ азыр элдин башын бириктирип турат. Ушуну туура түшүнсөк урматтуу мекендештер!
Эмилбек Каптагаев
Пикирлер (11)