Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Эмилбек Каптагаев: Мадумаров элди экиге бөлүүгө, түштүк элин түндүккө каршы тукурууда

17.12.2020 15:20
4435
Эмилбек Каптагаев: Мадумаров элди экиге бөлүүгө, түштүк элин түндүккө каршы тукурууда

ПРОВОКАЦИЯ деген сөз бар, эл аралык сөз, кыргызчасы кандай болорун билбей жатам... Балким КОЗУТУУ деген туура болот...


Кечеги Адахам Мадумаровдун "билдирүүсү" мына ошол ПРОВОКАЦИЯ - КОЗУТУУ болуп калды окшойт... Болгондо дагы элди экиге бөлүүгө, аймакты - аймакка каршы коюуга, түштүк элин түндүккө, болгондо дагы барын бириктирип Ысык-Көл элине каршы тукурууга багытталган аракет десек болчудай. Анткени "Көлгө бармак элем, кубалап жолотпой жатат..." - дегендей сөздүн өзү ошондой маани берет, "...биз дагы аларды кубалайлы..." - дегендей чакырык жатат ал сөздүн артында. 


Кече интернеттен угуп алып Ысык-Көлдүн ар бир район-шаарынан  аттуу-баштуу адамдарга телефон чалып сурадым - чын эле ушундай маанай болуп жатабы? - деп.  "Жок, тынч эле, андай деле уу-дуу, түртүшүп-жулкулдашкан  билинбейт..." - деп жооп беришти.  Анын үстүнө өзүм дагы кече эле Көл жактан келгем, айыл ичинде андай деле кармаш-тирешти байкаган жок элем. 


Ошондуктан, билдирүү так болушу, кайсы айыл же шаарда болгон окуя экени, кимди ким келип коркутуп, опузалап жатканын так аты-жөнү менен айтып чыгуу зарыл деп эсептейм. Ал эми чынында эле ошондой копол нерсе болуп кетсе, анда тиешелүү органдар катуу чара көрөт деп ишенем. 


Ошондой эле Боршайком жана укук-коргоо органдары дагы Президенттикке талапкер Мадумаровдун билдирүүсүнө ылайык териштирүү иштерин жүргүзгөнү оң. Ал эми Мадумаровдун жер-жерлердеги штабдарынын мүчөлөрү дагы "антип койду, минтип койду" - деп ооз жүзүндө даттанып отуруштун ордуна ошол жергиликтүү бийлик органдарына, биринчи кезекте милицияга качан-кайсы жерде жолугушуу боло турганын билдирип, ошол жолугушууда тартипти сактап берүүнү суранып расмий кайрылуу-кат тапшырып туруштары зарыл. 


Ушул шайлоонун шайтан оюндары менен кайрадан дүрбөп, кайрадан "келе бакан куу союл" болуп кубалашып, эң жаманы ансыз деле араң турган элди сай-сайга  бөлүп, журттубузду жарып албайлы деген ТИЛЕК азыр жалпыбыздын тилегибиз.  Мындан ары Кыргызстан туура жолго түшүп, өсүп-өнүгө баштаса деген ҮМҮТ азыр элдин башын бириктирип турат. Ушуну туура түшүнсөк урматтуу мекендештер!


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (11)

Коопсуздук коду
Таа
Каптагаев жон еле Садыр мен сиз мененмин деген билдируусу.Мадумаров брлгон жарган соз суйлобоптур
Бакыт
Каптагаев кошоматчы аман эле болчу
Алия
Колдукторду жамандаганынарды токтокула эмне асылып колдук колдук дейсинер силерге эмне кылды Эл каймы жерден кубалашты Мадумаров сиз туура суйлонуз Эл башына Келе Турган Адам калп айтпайт калпычынын казаны кайнабайт дегенди билесизби андай болсо СИЗ туз эле БШ кайрылып эчак даттанып чыкмаксыз демек сизди колдогондорго ишенбей жатасыз чынбы ошондой экенин билесиз эмне кыларды билбей колдукторду жамандай баштадыныз
Дамира
Колдукторду коргобой эле кой Каптагаев бул анык эле болгон
Бек
Садыр Жапаров бутуп еми Мадумаров калдыбы,жугундукорлор десе арданасынар убагында жапаровду да жамандап келген бул каптагаев