Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 20:07
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Эмилбек Каптагаев: Жогорку Кеңеште даарат кагаздын жоктугу мамлекеттик маанидеги маселе түшүнгөнгө...

30.12.2021 09:35
2012
Эмилбек Каптагаев: Жогорку Кеңеште даарат кагаздын жоктугу мамлекеттик маанидеги маселе түшүнгөнгө...

Кечеги Жогорку Кеңештин биринчи жыйынында бир депутаттын "даарат кагаз", "ашкана" боюнча айтканы чын-чынына келгенде майда-барат маселе эмес, бул мамлекеттик маанидеги маселе түшүнгөнгө...

Ал депутатты жөнү жок эле ур-токмокко алып жатабыз негизи. Анткени ЖОГОРКУ КЕҢЕШ бул биздин Кыргыз Республикабыздын жүзү, эң башкы бийлик бутагы. Кече биринчи сессиясы болду...

Мына ошол биринчи сессияга даярдыктын деңгээлин, Жогорку Кеңешке карата мамлекеттеги жасалып жаткан мамиленин деңгээлин ошол эле бир түрмөк даарат кагазы эле көрсөтүп койду...


Бул шалаакылыктын, жоопкерчиликсиздиктин гана эң жаман көрүнүшү эмес, бул Кыргыз өлкөсүнө, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө карата болгон кош көңүл мамиленин көрүнүшү...

Бул биздин жалпы маданиятыбыздын, өзүбүздүн өзүбүзгө болгон сыйыбыздын көрсөткүчү... Бул маселени ошол жерде айтып чыккан депутатты зекирип, жектей турган маселе эмес, тетирисинче ага ыраазы болчу нерсе...

Мына ошол жердеги тартипке, тазалыкка, маданиятка карай баа берилет бизге. Өзүңө өзүңдүн сыйың жок болсо, өзүңө өзүңдүн кадырың жок болсо, анан кимге сыйың өтүп, кимге кадырың болот? Ал жерде кечеги күнү биздин өз депутаттар менен өз журналисттер эле болгон жок да, ал жерде кечеги күнү бүткүл дүйнө болду, чет элдик дипломаттык миссиянын өкүлдөрү, журналисттер дагы болушту... Эмне алар дааратканага, ашканага кирген жок дейсиңерби? Киришти, көрүштү алар дагы...

Менин оюмча ошол Жогорку Кеңештин имаратын тейлеп карай турган кызматтын жетекчилери жоопко тартылышы зарыл, даярдыкка шалаакылык мамиле кылышканы, бүтүндөй мамлекетти уят кылышкандыгы үчүн.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн