Конституциялык кеңешменин мүчөсү Муратбек Иманкулов бийликти узурпациялоо боюнча калкты тынчсызданбоого чакырды.
Иманкуловдун айтымында, Кыргызстанда диктатордук бийлик орнобойт, себеби кыргыз эли эркиндикти сүйгөн эл.
"Жаңы Конституцияда бир жагынан президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, экинчи жагынан толуктап жатабыз. Мамлекет башчысынын айрым ыйгарым укуктары парламентке өткөрүлүп берилген. Маселе дагы каралып жатат. Парламент кандай болуш керек? Эки палаталуу жана бир палаталуубу? Биз тең салмактуулук принцибин аныкташыбыз керек. Бир мандаттуу палатаны колдогондор басымдуу болууда", - деди ал жана жаңы Конституция эч кандай авторитаризмге жол бербесин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн