Душманың катачылык кетирип жатканда жолтоо болбош керек. Жолтоо болгон сылыктыкка жатпайт.
(Наполеон Бонопарт)
-- Эмнеге мынчалык душманың көп?
-- Себеби, мен арбын сүйлөйм. Анан көп ичем...
(“Симпсоны” тасмасынан)
Биз жеңүүгө тийиш болгон акыркы душман – бул өлүм.
(Джоан Роулинг)
Мындан да жаман болушу мүмкүн эле да. Душманың сенин досуң болуп калышы мүмкүн эле.
(Станислав Ежи Лец)
Мурдагы досуңан өткөн жаман душман жок.
(Роджер Желязны)
Өзүңдүн арзуу-кыялыңды душмандарыңа ашыра сал, аны орундатам деп атып, балким, өлүп калышаар…
(Станилав Ежи Лец)
Душманыңды оңой ойлобо, алар сенин катачылыгыңды биринчи болуп байкашат.
(Антисфен)
Менин биринчи душманым – мен өзүммүн.
(Брюс Ли)
Чыныгы душман сени эч качан таштабайт.
(Станислав Ежи Лец)
Дос табуу кыйын. Душманыңды жоготуу андан да кыйын.
(“Наруто”)
Сен менин эң ашынган душманымсың. Демек, сенден өткөн жакын душман жок мага.
(Эдвард Блейк)
Инжил бизди «досуңду да, душманыңды да сүй» деп үйрөтөт. А экөө бир эле киши болуп чыксачы?
(“Таш” тасмасынан)
Достор, тегерек четибиздин баары кас, душман!
(Коко Шанель)
Досторуң менен сүйлөшкөн жагымдуу, душмандар менен сүйлөшкөн пайдалуу.
(Михаил Литвак)
Бир душмандан арылам деп биз эки душманга ээ болобуз.
(Тирион Ланнисер)
Душманымдын жүзү өзүмдүкүнө окшош экенин көргөндө жаман таңгалдым.
(Станислав Ежи Лец)
Душмандарды алар ыйлагандай кылып кечириш керек.
(Стас Янковский)
Досторуңдун талуу жерин душманыңдын талуу жерин билгенден да жакшы билиш керек.
(Макс Фрай)
Душманыңдан эч качан жийиркенбеш керек. Балким, бир күнү аны жеш керек болуп калаар?
(Станислав Ежи Лец)
Каякты караба душман. Муну сага туш келген эле келесоо айтып берет.
(Михаил Мамчич)
Бир күнү досуң душманга айланып калса, буга сен өзүң күнөөлүүсүң.
(“Даңазалуу доор” тасмасынан)
Душмандарыма боорум ооруйт. Алар кимге душман болуп алгандарын билишпейт да...
(Андрей Белянин)
Досторубуз бизди мактап атып бузушат, душмандарыбыз болсо жамандап атып оңдоп коюшат.
(Аврелий Августин)
Жарым-жартылай дос деген болбош керек. Жарым-жартылай дос – бул жарым-жартылай душман.
(Аркадий Стругацкий)
Досуңду кечиргенге караганда, душманыңды кечирген жеңил.
(Уильям Блейк)
Душманын аяган киши өзүнө ташбоордук кылган болот.
(Френсис Бекон)
Мамат Сабыров
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн