Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Ооганстандагы жаңы бийликке тажиктердин келишин сунуштады. Бул тууралуу ал Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Ооганстан саясий жана гуманитардык катастрофанын алдында турат.
"Ооганстандын калкынын 46 пайызын тажик улутундагы өкүлдөр түзөт. Алардын укуктары тепселенип калбашы үчүн тажик улутунун өкүлдөрү жаңы бийликте орун алыш керек. Тажикстан Ооганстандагы эч бир бийликти кабыл албайт эгер эл каалабаса",- деди Рахмон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн