Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:53
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Эң оору - үй-бүлөмдү көрө элекмин, кызымды сагындым, - карантинге алынган Касымалиеванын билдирүүсү

16.03.2020 17:47
938
Эң оору - үй-бүлөмдү көрө элекмин, кызымды сагындым, - карантинге алынган Касымалиеванын билдирүүсү


Коронавирус илдетин алдын алуу үчүн үй карантинине алынган Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева абалы жакшы экенин фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


“Саламаттыгымды сураган бардык мекендештерге чоң ыраазычылык билдирип, ушул жооп жазып коеюн. Тест таза чыккан, ооруганым жок, маанай сонун, бирок 14 күндүк карантин - алдын алуу максатындагы аргасыз чара жана мен бул эрежени сыйлайм. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз деген ушундай кырдаалда билинет”, - деп жазган эл өкүлү.


Учурда 4 күн өткөнүн жана вирус жок болсо да, жарандык жоопкерчиликти эске алуу менен карантинде жатканын билдирген.

“Эң оор сезилгени - үй-бүлөмдү көрө элекмин, кызымды өзгөчө сагындым, жолдошум экөө ата-энебиздикинде. Азык-түлүк алып келип, эшиктин түбүнө таштап кетүүдө. Жөн эле көчөдө басып жүрүү - биз үчүн байкалбаган бакыт. Жөн эле тынч жашоо, күнүмдүк көйгөйлөр менен алпурушуу - бул да бакыт”, - деп жазды Касымалиева.

Ошондой эле, депутат айым үйдө иштегендин артыкчылыктарында айта кеткен.

Эң жакканы - үйдөн иштөө алда канча натыйжалуу да болот экен. Көптөн бери кол тийбей жүргөн иштерди шашпай, майын чыгара жасоого убакыт табылды. Дарыгерлер келип кетишкен, күн сайын телефондон кабар алып жатышат, бирок сыркоонун бир да белгиси жок, анын үстүнө анализ таза. Баарыбызга сабыр, аманчылык, ынтымак, жоопкерчилик каалайм”, - деп жазды.


Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен Абдыбек Дүйшалиев 12-мартта Германиядан кайтып келгендигине байланыштуу үй карантинине алынган.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн