Быйыл июнь-июль айларында «Камбар-Ата-1» долбоорунун курулушу башталат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 31-мартта маалымат жыйын учурунда кабарлады.
Анын айтуусу боюнча, алгачкы курулуш иштерине 20 млн доллар каралган. Курулуш иштери июнь-июль айларында башталат.
Доскул Бекмурзаев «Камбар-Ата-1» ГЭС долбоорунун курулушуна коңшу мамлекеттер же үчүнчү жактар да катыша аларын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн