КРнын Энергетика министрлиги электр энергиясын убак-убагы менен (веердик) өчүрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Бекитилген график боюнча, 2021-жылдын октябрь айынын соңуна чейин бардык энергетикалык объектилерде оңдоп-түздөө иштери аяктайт.
1-ноябрдан тарта оңдоо иштерине байланыштуу электр энергиясы өчүрүлбөйт.
"Бирок авариялык кырдаал жаралса калыбына келтирүү үчүн жарык өчүрүлүшү мүмкүн. Башка учурда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн