Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:49
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Энергетика министрлиги дизель майын Өзбекстанга экспорттоого уруксат бериши мүмкүн

19.06.2021 19:38
1616
Энергетика министрлиги дизель майын Өзбекстанга экспорттоого уруксат бериши мүмкүн


Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги дизель майын Өзбекстанга темир жол аркылуу экспорттоого уруксат берүүнү сунуштоодо. Өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлган.


Энергетика министрлиги акыркы мезгилде республиканын күйүүчү-майлоочу материалдар рыногунда Россиянын мунай продуктулары, атап айтканда, жогорку сапаттагы дизелдик майына болгон суроо-талапка жогору болуп жатат деп ырастоодо.


Ошондой эле жергиликтүү өндүрүлгөн дизель майынын сапаты жана наркы боюнча россиялык продукциядан кыйла төмөн экендигин, ошондуктан кыргызстандык дизель майын өндүрүүчүлөр атаандаштыкка туруштук бере албай, кыйынчылыктарга туш болуп жатышкандыгын билдирди. Ошого байланыштуу алар өз продукцияларын сатууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышканын кошумчалашты.


"Сатуунун көлөмүнүн кескин төмөндөшүнө байланыштуу учурдагы кырдаал резервуар паркынын ашып кетишине алып келет, натыйжада чийки мунайды кайра иштетүү процесси параличке айланат жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордун гана иштебей токтоп калышына алып келиши мүмкүн, ошондой эле өндүрүш көлөмүнүн кыскарышы жана мунай кенинин бүтүндөй токтоп калышы мүмкүн", - деди министрликтен.


Ошондуктан, Кыргызстандагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордон дизелдик отунду коңшу Өзбекстанга экспорттоого уруксат сурашууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн