Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Энергетика тармагындагы реформа: Электр бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилет

22.12.2021 09:56
337
Энергетика тармагындагы реформа: Электр бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилет

Кыргызстанда энергетикалык компаниялардын саны 14төн 7ге чейин кыскартылат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынан кабарлады.


 Маалым болгондой, энергосектордогу реформанын негизги максаттары болуп чыгымдарды оптималдаштыруу, жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо саналат.


Төмөнкү компаниялар бириктирилет:

- «Электр станциялары» ААК жана «Бишкек жылуулук тармагы» ААКсы.

- “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК жана төрт бөлүштүрүүчү компания: “Түндүк электр” ААК, “Чыгыш электр” ААК, “Ошэлектр” ААК жана “Жалалабатэлектр” ААК. 


«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен бөлүштүрүүчү компаниялардын биригүүсү эки этапта болот. 


Алгач “Түндүк электр”, “Чыгыш электр”, “Ошэлектр” жана “Жалалабатэлектр” биригип, андан кийин "Кыргызстан улуттук электр тармагы" менен биригет. 

Реформа төмөнкүдөй натыйжаларды берет: 

- башкаруу персоналынын ишин оптималдаштыруу 

- техникалык персоналдын ыкчам өз ара аракеттенүүсүн жогорулатуу 

- аймактык электр тармактарын өнүктүрүү

- санариптештирүүнү өнүктүрүү (AMR жана биллинг системасы) 

- энергетикалык компаниялардын ортосунда ресурстарды

 рационалдуу кайра бөлүштүрүү 

- Жылуулук менен электр энергиясынын ортосундагы кайчылаш субсидиялоону кыскартуу 

- Сатып алуу иш-чараларын борборлоштуруунун эсебинен чыгымдардын кыскартуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн