⠀
Улуттук энергохолдинг ишканасынын төрагасы Таалайбек Байгазиевдин жана туунду коомдордун башчыларынын жетекчилиги астында жогоруда аталган ишканада энергетика секторун реформалоо боюнча Жол картасынын таанытымы болду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
⠀
Жолугушуунун алкагында компаниялар актуалдуу делген маселелерди талкуулап, чыгашаларды оптимизациялоого жана энергетикалык ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды ишке ашыруу боюнча алдындагы биргелешкен пландарды аныкташты.
⠀
"Пландар коюлуп, аларды ишке ашыруунун мөөнөтү такталды, эми болсо алдыга карай умтулуп, биргелешкен аракеттер менен жаңы энергетиканы түзүшүбүз керек" - деп белгиледи анда холдингдин төрагасы.
⠀
Эскерте кетсек, энергетика тармагынын башкаруу түзүмүнүн реорганизациясы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин тектеш келүүчү чечиминин алкагында ишке ашырылууда.
⠀
Андан сырткары, оптимизацияланган чыгашалар жаңы генерация кубаттуулуктарын куруу долбооруна, энергетика жабдууларын оңдоп-түзөөгө жана модернизациялоого, Кыргыз Республикасындагы энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө багытталмакчы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн