Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Энергетиктер “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна 20 тонна цемент жардам көрсөттү

02.02.2022 14:58
786
Энергетиктер “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна 20 тонна цемент жардам көрсөттү

Энергетика кызматкерлери “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргызстандын энергетика тармагынын кызматкерлери министр Доскул Бекмурзаевдин демилгесин колдоп, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын Балалык” медициналык-реабилитациялык комплексине жардам көрсөтүштү. 


Эскерте кетсек, өткөн жылы балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафонуна энергетиктер да катышып, жалпы суммасы 200 миң сом салым кошушкан. 


Мында энергетика кызматкерлери “Алтын Балалык” борборунун реконструкциялоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жасалышын колдоп, 20 тонна цемент курулуш каражатын жардам катары жөнөтүштү. 


Учурда аталган мекемеде курулуш иштери кызуу жүрүп, үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүлүүсү пландалууда. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн