Эр-Риядда Россия менен АКШнын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүгө орус тараптан тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков катышууда. АКШдан жолугушууга Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц, мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф келген.
Сүйлөшүүгө Сауд Аравиянын өкүлдөрү төрагалык кылып жатканы айтылды.
Белгилей кетсек, күн мурун АКШ менен Россиянын өкүлдөрү Украинагы кырдаалды талкуулоо үчүн Сауд Аравияда жолугушары маалымдалган эле.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн