"Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын дайыны белгилүү болду. Ал Түркияга алынып келинген. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өз билдирүүсүндө айтты.
Эрдогандын сөзүн жергиликтүү каналдар жарыялады.
Эрдогандын айтымында, Орхан Инанды Орто Азияда террористтик ФЕТО уюмунун ыплас аракеттерин жайылткан.
"Экранда көрүнүп турган адам Орхан Инанды. Бул адам Орто Азияда террористтик ФЕТО уюмунун ыплас иштерин жүргүзүп келген. Акыркы убакта ФЕТО уюмунун бир топ мүчөлөрү кармалды.
Эми алар дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, аларга тынчтык жок экенин сезишет",- деди президент Эрдоган.
Түркия президенти ФЕТО уюму менен күрөш дагы уланарын айтты.
Эске салсак, Орхан Инанды Бишкекте 31-майда дайынсыз жоголгон. Ал кыргыз жараны болгон. "Сапат" билим берүү мекемесинде билим алган бир топ жаштар жана Инандынын тарапташтары анын табылышын талап кылып бир топ жолу митингге чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн