Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:56
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Эрдоган Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна каршы экенин дагы бир жолу билдирди

19.05.2022 15:40
854
Эрдоган Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна каршы экенин дагы бир жолу билдирди

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна каршы экенин дагы бир билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары кабарлады.


Эрдогандын айтымында, НАТО террористтик уюмдарды калкалаган өлкөлөрдүн уюму эмес.


"Түркия Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчө болушуна каршы. Анткени НАТО террористтик уюмдарды калкалаган өлкөлөрдүн уюму эмес. НАТО - коопсуздук өлкөсү.

Түркия Украинадагы кырдаалды оң жагына чечүү үчүн Путин менен да, Зеленский менен да  тыгыз  байланышта болот",- деди президент Эрдоган.


Ошондой эле Режеп Тайип Эрдоган Россия менен болгон байланышын үзбөй турганын, Түркия орус газына муктаж экендигин кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн