Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн түштүк-чыгышындагы катуу зилзаланын курмандыктарына байланыштуу 7 күндүк аза күтүү жарыялады.
Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, аза күтүү күндөрү өлкөдөгү жана Түркиянын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик туу 12-февралга чейин түшүрүлөт.
Белгилей кетсек, 6-февралда таңга маал Түркиянын түштүк-чыгышындагы 10 региондо жана Сириянын ири шаарларында күчү 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн