Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:14
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Ереван менен Баку туткундарды алмашышат

05.12.2020 14:53
459
Ереван менен Баку туткундарды алмашышат


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян туткундарды "бардыгын бардыгына" форматында алмашуу тизмеси Армения менен Азербайжандын ортосунда макулдашылганын билдирди, деп маалымдайт РИА Новости.


"Эң маанилүү тапшырма - туткундарды кайтарып берүү. Бул жерде бир аз жылыштар бар экендигин айткым келет. Чындыгында, "бардыгын бардыгына" деп алмашуу принциби", - деди Пашинян мекендештерге сыналгы аркылуу кайрылуу учурунда.


Анын айтымында, маселе Карабактагы эскалация учурунда жана ага чейин колго түшкөндөргө дагы тиешелүү.


Ал дагы бир көйгөй катары - дайынсыз жоголгондорду издөөнү атады.  Пашиняндын айтымында, 9-ноябрдан бери жаңжал чыккан аймактан каза болгон аскер кызматкерлеринин 600дөн ашуун сөөгү чыгарылды, 500 адамдын сөөгү идентификациялоо стадиясында.  Өкмөт башчы бул жоголгон мекендештерибиздин сөөгү болушу ыктымалдыгы жогору деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн