Бирдин айы 11, 2025
Убакыт: 07:13
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.890
0.920

Эркектин баары окшош, айлык акылары гана ар түрдүү

10.02.2025 15:17
63
Эркектин баары окшош, айлык акылары гана ар түрдүү


Алла Тааладан бөлөк бирөөлөрдөн корккон эркек – чыныгы эркек эмес.

(Имам Шамиль)


Эгер эркек аялдын көздөрүн телмирип тиктеп калса, демек, башка жактарын эчак көрүп койгон.

(Чыгыш накылы)


Аял келечектүү болгусу келсе, өтмүштүү эркектен оолак болгону оң.

(Орус накылы)


Аялдар сулуу эркекке эмес, сулуу аял менен келаткан эркекке көңүл бурушат.

(Милан Кундера)


Эгер колуңду жакшы сактагың келсе, жумушту күйөөңдүн колу менен жаса.

(Поляк накылы)


Аял бактылуу болушу үчүн эркек керек. Бактысыздык үчүн күйөөсү болгону эле жетиштүү.

(Войцех Бартошевский)


Керектүү эркектин алдында ыйлай билген аял үчүн колдон келгис иш жок.

(Уильям Нокер)


Эркектин баары желмогуз. Ошондуктан, алардын курсагын тойгузуп гана туруш керек.

(Оскар Уайльд)


Ит менен эркек уйкуну жакшы көрөт.

(Магдалена Самозванец)


Эркектин баары бирдей, айлык акылары гана ар түрдүү.

(Михаил Аршевский)


Эркектер деле бала сыяктуу: колдорунан жетелетип, бирок чоң көрүнгөндү жакшы көрүшөт.

(Татьяна Скобелева)


Эркек кыйналса, аял издейт. Жыргаса дагы бир аял издейт.

(Константин Мелихан)


Эркектин үйү сыртынан эле сепил көрүнөт. Ичинен болсо ал балдар бөлмөсү.

(Клэр Люс)


Эркек өзүнүн күнөөлөрүнө караганда, көз жашын көрсөткөндөн көбүрөөк уялат.

(Фридрих Кристиан Геббель)


Эркек эки нерсени: коркунучту жана оюнду жакшы көрөт. Ошондуктан, эң коркунучтуу оюнчук катары аял менен ойнойт.

(Фридрих Ницше)


Эркек он сегиз жашында суктанат, жыйырмасында сүйөт, отузунда ээ болгусу келет, кыркында ойлоно баштайт.

(Франсуа Ларошфуко)


Эркектер кызык эле: “Аялдын баары окшош” дешет дагы, улам башкасын издешет.

(Клара Бут Льюс)


Жөнөкөй эркек өзүнүн чегин билет, чыныгы эркек болсо ал чектен кантип өткөндү өздөштүрөт.

(Трэвис Мартин)


Эркек менен жыргап жашаш керек, жаман жашаган өзүмдүн деле колуман келет.

(Мэрилин Монро)


35 же 40 жашка кирмейинче сен чыныгы эркек боло албайсың.

(Фабио Ланцони)


Эркектер болотко окшош. Ал токтоолугун жоготкон кезде өзүнүн бүт касиетин жоготот.

(Чак Норрис)


Чыныгы эркек башына кыйынчылык түшкөндө жылмаят, күчүн жыйнайт, ойлонуп, кайраттуу боло баштайт.

(Томас Пейн)


Эгер сенин жигитиңди башка бир кыз алып кетип калса, тим кой. Чыныгы эркекти алып кетүү мүмкүн эмес.

(Уиз Хали́фа)


“30 аялды жыргаттым” деп мактанган эркек – көйрөң эркек. Чыныгы эркек – бир аялды 30 жыл жыргаткан эркек.

(Тони Эванс)


Чыныгы эркек согушту жек көрөт, бирок андан качпайт.

(Джордж Вашингтон)


Чыныгы эркектин куралы – бул анын акылы.

(Рик Риордан)


Аялдарды билгендер эркектерге боору оорушат, бирок эркектерди билгендер аялдарды кечиришет.

(Альбер Турнье)


Эркек адегенде куру кыялы, андан соң тиши, андан кийин гана келесоолугу менен кош айтышат.

(Хелен Роуленд)


Жаш өткөн сайын аялдардын артынан чуркаган кыйын боло баштайт, шелпейип ээрчигенге гана туура келет.

(Анатолий Рас)


Аялдын баары жактырган эркекти бир да аял чындап сүйбөйт.

(Василий Осипович Ключевский)


Күйөө – аял сүйгөн эркек эмес, аны алмаштыргыч гана боло алат.

Зигмунд Фрейд)


Чөнтөгүндө майда тыйындары бар эркекке турмушка чыкпай эле койгула.

(Коко Шанель)


Аялдын сүйүүсүнөн эркектин жек көрүүсүнө караганда да көбүрөөк коркуш керек.

(Сократ)


Тебетей көп, эркек аз.

(Имам Шамиль)


Эркек үчүн шым аялга караганда да маанилүү деп ойлойм. Көп жерлерге аялың жок деле барсаң болот, бирок шымың жок каякка бара аласың?

(Эминем)


Аялдар эркектерди эмес, сүйүүнү жакшы көрүшөт. Эркектер сүйүүнү эмес, аялды жакшы көрүшөт.

(Марина Цветаева)


Бала караңгылыктан корксо, бул эчтеке эмес. Эркек жарыктан корксо, ошол жаман.

(Платон)


Бир жолу аш-Шафииден “эркектин кадыр-баркын кетирген нерселер кайсы?” деп сурашканда, ал “көп сөздүүлүк, бирөөнүн сырын ачуу, ар кимге ишене берүү” деп жооп берген.

(Мухаммад аш-Шафии)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн