Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 03:39
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

07.11.2021 08:51
1130
Эркин күрөш боюнча Эрназар Акматалиев жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду! 


70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды утуп алды. Кармаш 10:2 эсеби менен аяктады.

Биринчи бөлүктү Эрназар 3:2 эсепте алдыда жыйынтыктады. Экинчи бөлүктө тынымсыз аракети менен атаандаштын шайын кетирип, үч ирет килем чийининин сыртына чыгарды. Соңунда артына өтүп эки упай алып, тоголотуп (накат ыкма) ыкма жасады. Жалпы эсеп 10:2 менен аяктады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн