Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Финалда Акматалиев (70 кг) япон спортчусу Таиши Нарикуни менен күрөштү. Кыргыз балбаны алгач эки упай топтогону менен белин алдырып жиберип, 4:3 эсебинде утулуп калды. Жарым финалда Акматалиев монголиялык Тэмуулен Энхтуяга аз жерден утулуп кала жаздаган. Күрөштүн башында Эрназар алты упайды алдырып жиберип, бирок күчүн бир муштумга чогултуп атаандашын караандатпай 12:6 эсебинде артта калтырды.
Кыргыз балбаны мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, индиялык спортчуну 6:3 эсебинде жеңип алган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн