Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 03:22
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында финалга чыкты

06.11.2021 07:47
1140
Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев бүгүн, 5-ноябрда Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 1-7-ноябрда Белград шаарында өтүүдө.

Акматалиев 70 кг салмакта чемпионаттын 1/8 финалында грециялык Христос Христофоридистин белине кирип, эки-үч ирет айлынтып, 12:2 эсебинде жеңишти илип кетти. Кийинки кармашуу ирандык Али Акбар Али Аскар менен болду. Биринчи бөлүктө мекендешибиз 4:2 эсебинде утулуп келе жаткан, ага карабастан атаандашынын белине өтүп жатып эсепти 10:6га айлантуу менен жарым финалга жолдомо утуп алды.

Финалга чыкчу беттеште Акматалиев азербайжандык Мурад Евлоевге аз жерден жеңишти алдырып кое жаздады. Күрөш башталганда азербайжандык балбан кыргыз спортчусунун бутуна өтүп, упайды биринин артынан бирин алып жатты. Бирок Эрназар Евлоевдин белине өтүү менен эки упайдан топтоп, акыркы мүнөттөрдө алдыга озуп кетти. Жыйынтык 12:8, Акматалиев финалга чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн