Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Эрнест Абдыжапаров: Марат алгачкы ролум Саяк, акыркысы Саякбай деп өзүн чектеп койду (эскерүү)

10.06.2020 13:29
2263
Эрнест Абдыжапаров: Марат алгачкы ролум Саяк, акыркысы Саякбай деп өзүн чектеп койду (эскерүү)

 

Белгилүү театр жана кино актеру, Бопуш каймана аты менен таанылган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев кечээ, 9-июнда жарык дүйнө менен кош айтышты.


Ал театр сахнасында эле роль жаратпастан, бир топ кыргыз кинолорунда, клиптерде оң да, терс да каармандардын образын келиштире ачып бергени менен өзгөчөлөнүп турчу. Акыркы ролдорунун бири режиссер Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” аттуу тарыхый тасмасында башкы каармандын ролун жаратып, калың элдин мактоосуна арзыды. Анын арты менен көптөн бери кыялданып жүргөн “Эмгек сиңирген артист” наамына ээ болуп, катуу сүйүнгөн жайы бар эле.


Албетте, бул инсандын кыргыз маданияты, сахнасы, искусствосу үчүн жасаган ар бир эмгеги замандаштары, кесиптештери жана жалпы кыргыз элинин түбөлүк эсинде калат. Кыргыздын сыймыктуу инсаны катары аны эскерүү максатында “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги анын чыгармачылыктагы айрым жакын санаалаштарына кайрылды.


Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр, сценарист, продюсер: Мараттын пейили кенен, ичи ааламдай экенине, асылдыгына таң бергем


- Атактуу кишилер ар кандай болот эмеспи. Атагы чыккан сайын мүнөзү өзгөрүп, менменсинип, көтөрүнүп кеткендер болот. Бирок бул кишиден андай кыял-жорукту эч качан көргөн эмесмин. “Ак Илбирс” улуттук сыйлыгын тыпшыруу аземинде Кыргызстан боюнча “Мыкты эркек ролу” наминациясын “Саякбай” тасмасындагы башкы каарманды жараткан Марат Жанталиев алат деп айтып жатышкан. Анткени жакшы ойноду, элдин баары ага добуш берет деген ойдо турушкан. Өзү да ошого даярданып турган болчу. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында “Апамды издейм” тасмасында аткарган жаш бала алып кеткенде биз абдан жаман болдук, чынында күтүлбөгөн окуя болгондой болду, кейидик. Анан мен Маратка көңүл айтайын деп барсам, ал тескерисинче ушундай кубанып алыптыр “жаштар алганы жакшы болду” деп чын жүрөктөн сүйүнгөн эле. Мен ошондо бул адамда ичи тарлык деген жок экенине абдан таң калган элем. Пейили кенен, ичи ааламдай экенине, асылдыгына таң бергем. Чыгармачылыкта абдан көп иштештим, кандай тапшырма берилбесин убагында так аткарууга дайым далалат жасап турар эле. Кандай роль берилбесин майын чыгарчу. Өзгөчө өнөрлүү, танаттуу, асыл адам эле. “Саякбай” тасмасынан кийин ага наам берилип, көзү тирүүсүндө алып калганы биз үчүн кубанычтуу. Мамлекет сыйлайт экен деп өзү да баладай кубанган.


“Алгачкы ролум Төлөмүш Океевдин тасмасындагы Саяк эле, эми акыркы ролум дагы Саякбай болуп калды” деп көп айтчу. Муну менен ал өзүнө чектөө коюп койгон окшойт, чындап эле жашоодо да Саякбай бойдон калды.  



Азыр мен Маратты узатып арманда болуп атсам, жакында эле төкмө акын Элмирбек Иманалиевди жоготуп бир арманда болдум. Себеби, “Сагынбай” киносун тартсам деп сценарий жазып, башкы ролго Элмирбекти ылайык көрүп койгом. Маратты “Саякбай” тарыхый тасмасына түшүрүп калганыма каниет кылам. Оо дүйнөгө барганда аталарынын алдына “сиздин образды жаратып, вазыйпамды аткардым” деп жүзү жарык барат деген ишенимдемин. Элмирбекти тарта албай калганыма өкүнөм. Сагынбай манасчы экөөнүн ички дүйнөсү окшош, арманы бир деп ылайык көрүп, андан башка киши чагылдырып бере албайт го деп ойлонуп койгом. Жакшы быша электе ээлендирип албайын деп айта албай койгон элем. Сценарийин ага жөнөтүп ийсем балким ошону менен алектенип, өзүнө канат алат беле, азыр абдан өкүнөм.




Мараттын Саякбайдагы ролу тууралуу айта турган болсом, тарыхый тасма тартуу абдан жоопкерчиликтүү, кыйла түйшүктүү жана оор. Бирок тартуу учурунда Марат бизди эч кандай кыйнаган жок. Бардыгы оңой болду, шарт түзүлүп жатты. Керек болсо аба ырайы да биз каалагандай ачык, мээрим төгүп турду. Саякбайдын бүркүт менен коштошуусу дагы бир дубль менен тартылды. Бүркүт бизди угуп берди, ойдогудай ойноп берди. Ошол эпизодду көрсөң абдан таң каласың, мен өзүм көзүмдүн жашы калбай калганча ыйладым. Ага чейин учпай жаткан бүркүт ошондо тегеренип учуп кеткени абдан таң калыштуу болду. Кыскасын айтканда тартуу иштери аталардын касиети, колдоосу менен ийгиликтүү тартылып бүттү. Мараттын өзүнө дагы жагып, көпкө чейин ушул образдан чыга албай жүрдү, башка киного тартылуу тууралуу айткан да жок.



Съезбек Искеналиев, ырчы, актер, кинорежиссёр: Марат байке бирөө менен учурашканда бооруна кысып учурашчу эле


- Марат байке өтө сонун адам болчу. Жөнөкөй, эч кимге зыяны жок, артынан жаман сөз ээрчибеген, саламы ар дайым түз, анан бирөө менен учурашканда да бооруна кысып учурашчу эле. Анын ар бир таланты ар бир образда укмуштай ачып берчү. Менин эсимде эки образы сакталып калды: “Кожожаш” фильминдеги Саяктын, анан “Саякбай” тасмасындагы манасчынын ролу. Ал киши менен иштешкен абдан жеңил болчу. Мисалы Бопуш, Сакиш куудулдар долбоорунда да экөө бири-бирин толуктап турар эле. Үй-бүлөсүндө мыкты ата, жакшы жолдош, жакшы кожоюн катары эсибизде калды.




Белгилей кетсек, Марат Жанталиев кечээ, 9-июнда каза болгон. Ал узак убакыт бою бөйрөк оорусу менен жабыркап жүргөнү маалым болду.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурбакыт
Ассаламуаллейкум, капа болбогула ,тируусундо Адам баркталбай калдык ,олгондо жакшыле деп калдык ,ошондуеттан тируубуздо бири,бирибизди кадырлайлы