Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эртең Жогорку Кеңештин жыйынында 6 маселе каралмакчы

01.02.2022 09:51
509
Эртең Жогорку Кеңештин жыйынында 6 маселе каралмакчы

Эртең, 2-февралда Жогорку Кеңештин жалпы пленардык жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалым болгондой, эртең Жогорку Кеңештин күн тартибинде төмөнкү 6 маселе каралат:

1. “2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин тамеки продукциясына акциз тармагында салык саясатын жүргүзүүнүн принциптери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору;

 

2. “2017-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору;

 

3. “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору;

 

4. “Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору;


5. “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

 

6. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн