Бишкекте 10-июнда массалык ишембилик өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ишембиликтин алкагында көчөлөр, короолор, сейил бактар, аянттар тазаланат.
"Тазалоодо өздүк имараттарга жана курулуштарга жанаша турган ирригациялык тармактарды, ошондой эле шаардык парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат", - деп белгилешти мэриядан.
Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү жерлери райондук администрациялар тарабынан аныкталат. Акимчиликтер тарабынан чарбалык субъекттерге ишембиликке катышуу тууралуу билдирүүлөр таратылды.
Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын ишембиликке чыгууга чакырат
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн