Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эртең президенттин катышуусунда өтө турган "Мурас" турниринин графиги

13.12.2022 14:11
319
Эртең президенттин катышуусунда өтө турган "Мурас" турниринин графиги

Бишкекте 14-15-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт.


Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, “Газпром балдарга” спорт комплексинде (“Арча-Бешик”) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.


Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.


Оюндар КТРК спорт (А, В топтору) жана ЭЛТР (С, D топтору) телеканалдарынан түз алып көрсөтүлөт.


Эске салсак, иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн