Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 02:15
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Эрулан Кокулов тартип бузган окуучуларга катуу чара көрүүнү сунуштады

27.05.2022 14:38
861
Эрулан Кокулов тартип бузган окуучуларга катуу чара көрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов тартип бузган окуучуларга катуу чара көрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, мугалим балага тарбия берүүгө милдеттүү эмес.


"Бизде мугалим балага билим да, тарбия да бериш керек деген түшүнүк калыптанып калган. Андай эмес. Тарбияны ата-эне бериш керек. Мугалим баланын билимине гана жооптуу.

Окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы ар кандай келишпестикти жоё турган инструмент иштебей жатат же эскирди.

Мисалы биздин убакта ата-энеге жеткирбей эле мугалимдер окуучуларды ордуна коюп койгон.

Азыр балдар ата-энеси менен мугалимди эч кимге тең көрбөй жатат. Ошондуктан мугалимдердин аброю төмөндөп кетти.


Ошондуктан азыркы заман талабына ылайык тартип бузган балдарга катуу чара көрүү керек. Тартип бузса 3 жолу эскертүү бериш керек болбосо мектептен чыгарып салыш керек",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн